Талас облусунда жана Кара-Балта шаарында кой чарбасынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Талас районундагы Э.Кутманалиев атындагы стадионунда асыл тукум кой чарбасынын өнүктүрүү максатында, популяризациялоо, тажрыйба алмашуу жана селекциялык жетишкендиктер боюнча облустук эт багытындагы койлордун биринчи аймактык көргөзмөсүн өткөрөт.
Ал эми 2021-жылдын 18-сентябрында, саат 09.00дө Кара-Балта шаарында "Арашан" породасындагы койлордун республикалык көргөзмөсү өтөт.