Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук базардын ичинде жайгашкан кездеме дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана ӨКМнин жалпы 18 куткаруучу тартылган. Өрт таңкы саат 05:35те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен болжол менен 2500 чарчы метр аянт күйгөн, жабыркагандар жок.