Алып баруучу Алексей Филатов оор абалда ооруканада жатат

Алып баруучу Алексей Филатов оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Филатов коронавирус менен ооруп, оор абалда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Менин окуучум, теле алып баруучу Алексей Филатов коронавирус илдети менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы өтө оор. Баарыңыздардан анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууну суранам", - деди Молдокматова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД