Талибан аялдарга спорт менен машыгууга тыюу салды

Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан"аялдарга "жүзү жана денеси жабылбаган" спорт менен машыгууга тыюу салган. Бул тууралуу Талибандын маданият боюнча комиссиясынын башчысынын орун басары Ахмадулла Васик SBS News телеканалына берген маегинде билдирди. Ал белгилегендей, ислам аялдарга зарыл болгондо гана сыртка чыгууга уруксат берет жана спорт зарылчылык эмес.

"Менин оюмча, аялдар крикет ойной албайт, анткени аялдар крикет ойнобошу керек. Крикетте алар жүзү жана денеси жабылбаган болушу мүмкүн ", - деди Васик мырза. Анын айтымында, массалык маалымат каражаттарында исламдын эрежелерин бузган аялдардын сүрөттөрү жана видеолору таркалат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД