Коронавирус илдетинин 104 жаңы учуру аныкталып, эки бейтап каза тапты

Бүгүн, 9-сентябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 104 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 61, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 16, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 137 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 адам каза тапкан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 883 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 48 киши айыгып чыкса, 2 миң 563 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД