Бишкекте балдар ооруканалары жетишсиз

Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан "Эне жана баланы" коргоо улуттук борборунда кезекте тургандар нааразы. Жаш бейтаптардын ата-энелеринин арыздары Instagramдагы black_list.kg каналында үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Караңыздарчы кандай тыгым, мындай чоң агымга эки гана реестр коюлган, алар талонсуз кабыл алышпайт. Абдан кичинекей балдар азап чегишет, алар 3-4 айлык гана, ал тургай азыркы эпидемиологиялык кырдаалда бул негизинен аномалдуу! "- деп билдирет окурман 3-сентябрда.

- Мен таңкы саат 7.30да келгем, кезекке тургандар абдан көп. Беткаптары жок адамдар талондор үчүн өз ара урушат, балдарды түртүшөт. Каттоо кызматында талондор дайыма түгөнүп турат, дейт 26 -августта дагы бир Бишкек тургуну.

Оорукананын кызматкерлери, өз кезегинде жумуштун оордугуна карабай, бардыгын кабыл алууга жана жардам көрсөтүүгө аракет кыларын расмий эмес түрдө билдиришет. Кабылдамада дарыгерлердин иш жүгүнө эсептелген талон берилет. Ооруканага Кыргызстандын бардык аймактарынан бейтаптар кайрылышат.

- Абалы оор бейтаптарды шашылыш түрдө кабыл алабыз. Эмнеге дарыгерлердин ишин эч ким белгилебейт, арыздарды гана жазат? Биз бейтаптарды бахил жана беткаптарды кийүүсүн суранабыз, алар агрессия менен жооп беришет. Таштанды ташташат, оорукананын мүлкүн бузушат - баары бул жөнүндө унчукпайт. Сиз тынч жана өтүнүч менен бейтаптарга кайрылсаңыз, алар жооп ирээтинде провокация кылышат, телефондорун чыгарып, коркутуп башташат, биз арыз жазабыз дешет. Бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылалы, - деп жазат медициналык мекеменин кызматкери.

Которгон Назгуль Абдыразакова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД