Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу заты, "7,62 мм" калибрдеги ок-дарылар жана "ПМ" маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча табылып алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул бекитилген жерди уюштурган адамдарды, жана ошондой эле куралдар жана ок-дарылар коюлган башка жерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.