Новопокровка айылында үйдүн ичинен жылан чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан үйдүн ичинен жылан чыккан.
ӨКМден үч куткаруучу тартылып, жыланды үйдүн ичинен чыгарышкан. Жабыркагандар жок.