Айрым адамдарда коронавируска тубаса иммунитети болушу мүмкүн

Теория боюнча адамда коронавирустун кайсы бир штаммына тубаса иммунитети болсо, башка штаммына жок болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге дарыгер-инфекционист Николай Малышев билдирди.

"Тубаса иммунитет бир гана коронавируска эмес, башка инфекцияларга карата дагы болушу мүмкүн. Керек болсо чума дагы болжол менен калктын төрт пайызына жукпайт", - деди Малышев.

Белгилей кетсек, буга чейин Роспотребнадзордун эпидемиологу Александр Горелов Орусияда коронавирустун бир эле штаммын эки ирет жуктурган учур каттала электигин айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД