Кыргызстанда комуз күнү белгиленип жатат

Бүгүн 9 -сентябрда бишкектиктер жана шаардын коноктору ачык асман алдындагы концертти көрүшөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын борборунда, Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында (Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын түштүк тарабы) бүгүн кечинде "Таңшы комуз" аттуу иш -чара өтөт. Иш -чараны маданият министрлиги, борбордун мэриясы жана КТРК уюштурууда.

Көрүүчүлөрдүн алдында атактуу комузчулар, "Акак" ансамблинин мүчөлөрү, Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп -интернатынын тарбиялануучулары, ошондой эле Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин таланттуу улан -кыздары өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Концерт кечки саат 6да башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД