Мерьем Узерли Нурайым Азыкбаеванын аткаруусуна таасирленип, ыйлап жиберди

"Даңазалуу доор" сериалында Хюррем Султандын ролун аткарган немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли Бишкекке келген сапарында ырчы Нурайым Азыкбаеванын аткаруусуна таасирленип көзүнө жаш алып, ыйлап жиберди. Бул видеону актриса өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

"Урматтуу Нурайым Азыкбаева! Сиздин энергияңыз, аткарууңуз, керемет үнүңүз жана ырыңыз жанымдын түпкүрүнө чейин жетти. Мага ушундай сезимди тартуулаганыңыз үчүн рахмат. Сиз эң сонун аткаруучусуз", - деп жазган Мерьем Узерли.

Белгилей кетсек, актриса 6-сентябрь күнү Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келип кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД