"Республика" партиясы парламенттик шайлоого катышпайт

"Республика" партиясы 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу журналисттерге депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.

Анын айтымында, былтыркы парламенттик шайлоону эске алуу менен, пикирлеш партиялар шайлоо блогуна кошулуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, күчтөрүн бириктирип жатышат.

"Тилекке каршы, шайлоо жөнүндө мыйзам каралып жатканда, шайлоодо шайлоо блокторун түзүү мүмкүнчүлүгү сунушталган. Демилге Жогорку Кеңештин комитетинде өтпөй калган жана ошого жараша ал четке кагылган. Андан кийин биз биздин партиялар шайлоого катышпайт жана баарыбыз жаңы саясий партия менен барабыз деген чечим кабыл алганбыз", - деп билдирди Жээнчороев.

Мирлан Жээнчороевдин айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Республика" партиясынын айрым мүчөлөрү шайлоого барбайт, айрымдары бир мандаттуу округдарга катышат.

"Республика" партиясы 2007-жылы түзүлгөн, узак убакыт бою аны Өмүрбек Бабанов жетектеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД