Билим берүү мекемелери жылытуу мезгилине даяр

Билим берүү мекемелеринде жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 41 орто мектептин ичинен 10 мектеп электр жылытуу менен, 18 мектеп жеке отканаларынан көмүр менен, газ менен - 11 жана сатып алынган буу менен - 2 мектеп жылыйт.

Борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча 2021-2023-жылдарга карата комплекстүү чаралардын планын ишке ашыруу үчүн №21 мектеп-интернаты көмүр менен жылытуудан жаратылыш газына, быйылкы жылы №19 орто мектеби газга өткөрүлдү. Калган мектептерди 2022-2023-жылдарга газа өткөрүү пландалууда.

Бир жылытуу мезгилине план боюнча 3600 тонна көмүр берилет. Бул жылга тендер өткөрүлдү, буга чейин жеткирүүчүлөр менен келишимдер түзүлгөн. Келишим боюнча, жеткирүү октябрда башталат.

Эмне үчүн октябрь? Биз жергиликтүү күрөң көмүрдү сатып алабыз, ал күнгө ыдырап, майдаланып бөлүнүп кетүү касиетине ээ, эгер суу кирсе, өзүнөн өзү күйүп кетиши мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД