Кыргызстан Sinovac вакцинасынын 150 миң дозасын алды

Кечээ, 9-сентябрда, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында, өлкөгө гуманитардык жардамдын негизинде 150 миң доза (75 миң адам) өлчөмүндөгү Sinovac вакцинасы тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүктү өткөрүп берүү аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркия Республикасынын элчиси Ахмет Садык Доган катышты. Өз сөзүндө министр Түркия Республикасынын Өкмөтүнө иммундаштырууга жана Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул вакцина 18 жашка чыккандан кийин ар бир адамды эмдөө үчүн колдонулат. 1 - жана 2 - дозалардын ортосундагы аралык 2 - 4 жума болушу керек.

Sinovac - CoronaVac вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан COVID-19ду алдын алуу максатында чукул колдонуу үчүн тизмеленген жана ДСУнун Иммунизациялоо боюнча Эксперттердин Стратегиялык Консультативдик Тобу (SAGE) тарабынан каралып чыккан. Вакцинанын эффективдүүлүгүн изилдөө учурунда ал табылган жана эл аралык коопсуздук стандарттарына, өндүрүштүн эффективдүүлүгүнө жооп берет. Вакцина Пекиндеги Sinovac фармацевтикалык компаниясы тарабынан чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД