Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылды

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мурдагы аткаминер ооруканада күзөтчүнүн коштоосунда жаткандыгы такталды. Бирок мекеме кандай диагноз менен ооруканага жаткырылганын тактаган жок.

Эске салсак, былтыркы парламенттик шайлоо өлкөгө башаламандыкты алып келди. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингчилер "Ак үйдү" басып алып, өрттөп жиберишкен. Ошол эле түнү экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков , Садыр Жапаров жана башкалар абактан бошотулган.

Кийинчерээк Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы муну мыйзамсыз деп баалап, бардык туткундарды жазаланган жерлерине кайтарууну талап кылган. Бир нече күндөн кийин Жантөрө Сатыбалдиев өзү №47 түзөтүү колониясына келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД