Ошто "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова кармалды. Бул тууралуу журналисттерге өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарматова түштүк борбордун аэропортунда кармалган. Ал Орусияга кетүү үчүн Ош аэропортуна барган.
Аны Бишкекке алып келишкени белгилүү болду. Кармоо Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.