Коронавирус илдетинин 100 жаңы учуру аныкталып, үч бейтап каза тапты

Бүгүн, 10-сентябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 100 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда - 2, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусу – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 132 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 180 киши айыгып чыкса, 2 миң 566 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД