Али Токтакунов: "Нарматованы кармоо менен бийлик өз капканына өзү түштү"

Орозайым Нарматованы кармоо менен бийлик өз капканына өзү түштү. Мындай пикирди бүгүн, 10-сентябрда Фейсбук баракчасына журналист Али Токтакунов жазып чыкты.

"Орозайым Нарматованы кармоо менен бийлик өз капканына өзү түштү. Мунун арты эзели жакшы бүтпөйт. Агасынын сөөгүн Орусиядан алып келип, жерге берип кан жутуп, кайра кетип атканда кармашы - салтка да, жигиттикке да жатпайт! Капталдан билдирбей келип ит капкандай кылган иш. Орозайым террорист же коррупционер эмес. Ал чындыкты бетке айткан, кемчилиги үчүн Садыр Жапаровду баш кылып катуу сындап келген жаш кыз. Эркиндикти сүйгөн, майтарылбаган кыргыз коому аны кор кылдырбайт! Орозайымдан колуңду тарт, эки дос", - деген Токтакунов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 10-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД