Ош облусунун Кең-Сай айылында эки жашар кыз көчөдөгү ажатканага түшүп кетип, каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кең-Сай айылында турак үйдүн ажатканасына 2019-жылы туулган Н.А. аттуу кыз түшүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин кыздын сөөгүн туугандары чыгарып алган.