Кийимдер кымбаттаса, эл жабыркайт. Дордойдогулар митингге чыгышты

Бүгүн, 10-сентябрда "Дордой" базарынын соодагерлери Өкмөт үйүнө митингге чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар билдирүүсүз эле импорттук товарлардын бажы салыгын көтөрүп салышканына нааразы.

Соодагерлердин бири белгилегендей, алар бүгүн өкмөттүн угуусуна жана маселени чечүү үчүн чыгышкан. "Биз импорттук товарларга бажы жагынан жол-жоболоштуруунун баасын жогорулатууга каршыбыз", - деп билдирди ал.

Дагы бир соодагердин айтымында, кийимди бажылык жол-жоболоштурууга баалар көтөрүлсө, анын кесепетинен карапайым эл жабыркайт.

Эскерте кетсек, буга чейин да "Дордой" базарынын соодагерлери митингге чыгып нааразычылыгын билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД