Ысык-Көлдө велосипеддин айынан эркек киши сабалып өлтүрүлдү

Ысык-Көлдө төрт киши сатылган велосипед үчүн бир кишини сабап өлтүрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда ооруканадан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына телефон чалуу түшкөн. Дарыгерлер Ананьево айылынын катуу сабалган 37 жаштагы тургуну ооруканага жаткырылганын айтышкан. Ал адам алган жаракатынан улам эсине келбей, каза тапкан.

Маалым болгондой, маркум досу А.У.дан велосипед сурап кайрылган. Кийинчерээк каза болгон жаран велосипедди Ананьевонун тургундарынын бирине 500 сомго сатып салган. Эртеси күнү велосипеддин мас ээси достору менен бирге сатылган велосипеддин айынан аны менен маселени чечүү үчүн издеп келген. Андан кийин алар айылдашын таап, аны сабап өлтүрүшкөн.

Бул окуяга шектүү делип төрт адам кармалды. Алар буга чейин кылган иштерин мойнуна алып, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД