Асел Кадырбекова: "Кызымдын камкор атасы туулган күнүң менен"

Бүгүн, 10-сентябрда ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насипти туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Кызымдын камкор атасы, туулган күнүң менен! Жашоодо кандай статуста болбойлу, кызыбыз үчүн дайыма ата-эне статусунда калабыз. Өзүмө каалаган бүт жакшылыктарды сага да каалайм. Мындан кийин да сени колдоп, жашоодогу бүт бакытты, жакшылыктарды каалап, кызым экөөбүз сенин ийгиликтериңе кубанып гана жүрө берели", - деп жазды Кадырбекова.

Белгилей кетсек, ырчы Нурлан Насип бүгүн, 10-сентябрда 31 жашка толду. Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын Дария аттуу кызы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД