"Акыркы көч" тасмасы Португалиядагы кинофестивалдын сыйлыгы үчүн ат салышат

"Акыркы көч" көркөм тасмасы 9-18-сентябрда Португалиядагы кинофестивалда сыйлык үчүн ат салышат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасма 19 –чыгарылышта Slate сыйлыгы үчүн ат салыша турган дүйнөнүн булуң -бурчунан 50 тасманын тизмесине кирген.

"Arouca 2021" кинофестивалы дүйнөнүн булуң -бурчунан келген тасмаларды тартуулайт, алардын арасында АКШ, Кыргызстан, Түркия, Пакистан, Индия, Израиль жана Испания сыяктуу өлкөлөр бар.

Фестиваль португалиялык чыгармаларды жана башка маданияттардын чыгармаларын визуалдаштыруу боюнча иштейт. Бул жылы алар инклюзивдүүлүккө басым жасашат.

"Акыркы көч" көркөм тасмасы жалгыз жашаган көрүнүктүү жазуучу Кубат Алиевдин тагдырын баяндайт. Бир күнү жазуучу досу Сапар катуу ооруп калганын угат. Досун дарылоо үчүн Кубат батирин сатат, бирок көп өтпөй анын иниси карыз үчүн сабалат. Кубат эки кырдаалдын ортосунда туруп калат.

Тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фондунун биргелешкен өндүрүшү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД