Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар 62 500 миң сом айып төлөшөт

Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандары үчүн шаар тургундары 62 500 миң сом айып пул төлөйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук акимиятында мыйзам бузуу учурларын кароо боюнча комиссиясы иш алып барат.

Комиссиянын ишине санитардык-экологиялык инспекциянын, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышат.

Бул жолу 10 протокол түздөн-түз мыйзам бузуучулардын катышуусу менен каралды. Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70,119-1,120, 293 беренелери боюнча жалпы суммасы 62 500 миң сом айып салынды.

Ал эми 3 протокол кароо комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды, ал эми 1-протокол токтотулду.

Райондун Санитардык-экологиялык инспекциясына жана МАБдарга жеке жана юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабастан, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоосу боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД