Жанар Акаев: "Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылам"

Оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын милиция тарабынан кармалышы чектен чыккан иш болду. Мындай пикирин бүгүн, 10-сентябрда депутат Жанар Акаев Фейсбук социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Орозайым жаш экенине карабай кайсы бийлик болбосун өз оюн эркин айтып, позициядан тайбаган эр жүрөк атуул. Кыргызстанда миллиондогон коррупциялык иштерге шектелгендер ээн-эркин сайрандап жүргөндө активисттин "жети түндө" аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке абийир алып келбейт. Орусияда миллиондогон мигранттар сыяктуу эмгектенип жүрсө да мекениндеги окуяларга кайдыгер карабаган Орозайым Нарматовага өз өлкөсү, өз элинде мыйзамсыз мамилени ачык айыптайм. Жогорку Кеңештин депутаты катары күч органдарынан кеңири түшүндүрмө жана Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылам", - деп билдирди Акаев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалган. ИИМ Орозайым Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилери бар экенин айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД