
Россиянын эл артисти Александр Панкратов-Черный "Манастын уулу Семетей" тасмасынын видео жарнагын сүйүнүү менен көрдү жана эми ал жаңы тарыхый лентаны толугу менен көрө турган учурду чыдамсыздык менен күтүп жатат.
"Манастын уулу Семетей" тасмасынын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков бул кинодолбоордун кеңешчиси болуп калган көрүүчүлөрдүн сүйүктүүсү менен баарлашып, эксклюзивдүү видео менен VB.KG менен бөлүштү.
Тарыхый тасмаларды тартуу өтө оор, ошондуктан Панкратов-Черныйдын айтымында, президент Садыр Жапаровдун бул долбоорго көрсөткөн колдоосу абдан зарыл.
- Биздин орус стандарттары боюнча бул абдан кымбат тасма. "Манас" орустар үчүн "Игорь полку жөнүндө сөз" сыяктуу болсо керек. А эгер сиздин президентиңиз мындай долбоорлорду колдосо, кинорежиссерлорго жардам берүү, аны урматтоо жана мактоо мүмкүнчүлүгүн табат! Мен "Манастын" кандай окулганын уктум. Жада калса балдар дагы анын саптарын билишет. Тарыхты билүү - бул жашоону таанууга багыттоочу жол. Сизди курчап турган нерсени түшүнүү үчүн бир нече кылым мурун эмне болгонун билишиңиз керек. Кинематография абдан маанилүү. Бүгүн бул искусствонун эң жеткиликтүү түрү. Башка эч ким Кыргызстандын маданияты жөнүндө, дегеле өлкө тууралуу дүйнөгө айтпайт. Жана ал таанылууга, урматтоого жана кароого татыктуу. Мындан тышкары, кинематография өзүн-өзү таануу жана улуттук сыймыктын жандануусуна салым кошот, -дейт Александр Панкратов-Черный.

Которгон Назгуль Абдыразакова