Бишкек - Минск - Бишкек каттамы боюнча туруктуу каттамдын ачылышы 2021-жылдын 25-июнуна пландаштырылган. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди.
Бул каттамды Кыргызстандын AviaTraffic Company авиакомпаниясы жумасына эки жолу - шейшемби жана жума күндөрү Airbus A-320 учагында аткарат.