Ошто активисттер Орозайым Нарматованы колдоп, митингге чыгышты

Бүгүн, 10-сентябрда Ошто "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү менен Орозайым Нарматованын жакындары Облустук ички иштер башкармалыгынын алдына митингге чыгышты.

Алар Нарматованы бошотууну жана бийликти сындаганы үчүн куугунтукту токтотууну талап кылышууда.

"Орозайым Нарматованын сүйлөгөн сөздөрү сын эмес, бүгүнкү күндүн чындыгы. Ал чындыкты айтты. Биз анын бошотулушун талап кылабыз ", - дешти митингге чыккандар.

Алар бул митингди Бишкектен өткөрүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле Нарматованы колдогондорго Облусттук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү чыкты. Алардын айтымында, Орозайым Нарматованы суракка алып кетишкен.

Эскерте кетсек, бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалган. ИИМ Орозайым Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилери бар экенин айтышты.

https://www.facebook.com/watch/?v=565241601580027


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД