Кыргыз жарандыгын алууга шашылыңыз!

Ушул жылдын июль айынын башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Этникалык кыргыздардын жана Кыргызстандын жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин убактылуу киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин маалыматы боюнча, өлкөдө 5 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт, алардын ар кандай инсандыгын тастыктоочу документтери бар.

Натыйжада, көптөгөн этникалык кыргыздар паспортунун жоктугунан жана республиканын жарандыгын алууда кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүктөн Кыргызстандын аймагында юридикалык статуска ээ эмес.

Жарандык ала турган адамдардын категориясы:

- чыгарылган өлкөнүн улуттук паспортторунун мөөнөтү бүткөн , анын ичинде СССРдин паспорттору;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок адам (жоголгон, бузулган, алынбаган ж.б.);

- республиканын аймагында жашаган жана 18 чыккан, бирок ар кандай себептер менен паспорту жок же Кыргыз Республикасынын жарандыгын албаган адамдар;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейин Кыргыз Республикасында төрөлгөн жана бойго жеткен адамдар.

Көрсөтүлгөн жарлыкка байланыштуу, этникалык кыргыздар жашаган аймактарда Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби боюнча түшүндүрүү иштери өлкөнүн көптөгөн калкты тейлөө борборлору тарабына жүргүзүлөт жатат.

11 -сентябрда Ринат Алиев баш болгон Аламүдүн районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн өкүлдөрү Чүй облусунун Октябрь айылдык аймагында болуп. Өзбекистан жана Таджикистан келген этникалык кыргыздар менен жолугушту. Калкты тейлөө борборунун өкүлдөрү жарандыкты жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу боюнча президенттин убактылуу жарлыгы тууралуу айтып беришти. Жашоочулар көптөгөн суроолорду беришти. Ошентип, жумасына 2 жолу шейшемби жана бейшемби күнү калкты тейлөө борборунун адиси этникалык кыргыздар менен иштейт.

Убактылуу жарлык 2022 -жылдын 31 -декабрына чейин иштей


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД