КР БШК шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын жарыялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ылайык мажоритардык шайлоо тутуму боюнча шайлоо округдарынын расмий схемасын жана чек араларын жарыялады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталды:

- шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;

- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.

- ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык берилген маалыматтарга негизденди.

Ар бир округ 100 миң 476 +/- 20% шайлоочу болжолдуу саны менен түзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД