Баткен облусунда жол кырсыгынан эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки унаанын кагылышы Исфана-Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында болгон.
Жол кырсыгынын кесепетинен 30 жана 43 жаштагы эки эркек киши каза болгон. Ошондой эле 7 адам жабыр тарткан.
Жабыркагандардын арасында 6 жаштагы кыз жана 9 жаштагы бала бар.
Окуя болгон жерде куткаруучулар, патрулдук милициялар жана тез жардамдын медиктери иштешти.