Алып баруучу Алексей Филатовдун сөөгү ГЭС-5теги көрүстөнгө коюлат

Коронавирус жана пневмония илдетинен каза болгон алып баруучу Алексей Филатовдун сөөгү ГЭС-5теги көрүстөнгө коюлат. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Маалыматка ылайык, анын сөөгү таенесинин жанына коюлат.

Ассоль Молдокматова өзү иш-сапары менен Азербайжандын Баку шаарында жүрөт. Буга байланыштуу Филатовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына бара албайт.

Эске сала кетсек, кечээ, 12-сентябрда телеалыпбаруучу, шоумен Алексей Филатов каза болгону белгилүү болгон. Ал жугуштуу оорулар ооруканасына пневмония илдети менен жаткырылган. Анын абалы оор экенин Молдокматова социалдык тармак аркылуу кабарлаган.

Ушул жылдын декабрь айында Алексей Филатов 33 жашка чыкмак.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД