Жаңы окуу жылы салтанаттуу линейкалар менен башталат

15-сентябрда Билим берүү мекемелеринде салтанаттуу линейкалар өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, департамент бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешкен. "Алар каршы эмес, бирок салтанаттардын ачык асманда өтүшү зарыл. Эгер аба ырайы жол бербесе, анда графикке ылайык жыйын залдарында өткөрсө болот", - деди ал.

Ошондой эле, Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы салттуу түрдө башталаарын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД