Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылат

Президент Садыр Жапаров Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилигин түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бул Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы саясий, соода -экономикалык, илимий -техникалык жана маданий байланыштарды андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо үчүн жасалды. Министрлер Кабинетине элчиликтин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыздоо маселелерин чечүү жана анын чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД