Кара-Көлдө унаа уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында унаа уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБге 27 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 10-августта саат 23:30 чамасында белгисиз адам футбол аянтчасынын жанында токтоп турган "ВАЗ-2103" (Жигули) унаасын уурдап кеткенин айткан. Анын айтымында, ачкычтар унаанын ичинде турган.

Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси "Унааларды уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы окуяга шектүү катары ИИМдин каттоосунда турган шаардын тургуну, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1994-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД