Кемин районунда эки жашы жете элек өспүрүмдөр уурулукка шектелүүдө

Кемин районунда эки жашы жете элек өспүрүмдөр уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кемин районунда жайгашкан дүкөндөрдүн бир нече ээлери уурулук фактысы боюнча арыз менен Кемин райондук милиция бөлүмүнө кайрылып, дүкөндөрдүн кулпусун бузуп кирип, акчаларды, уюлдук телефондорун, тамак-аштарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранышкан. Келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда.

Фактылар Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн КЖБР Кыргыз Республикасынын КЖК 200 (Уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй ОИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери жана Кемин РИИБнин кызматкерлери шектүүлөрдү аныкташып, райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишкен, алар: 15- жаштагы С.Э жана 11 жаштагы С.Э. болуп чыккан.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдарды башка ушул сыяктуу жасалган кылмыштар боюнча текшерип жатышат. Үч факты боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД