
6-7 жаштагы кыздарга кордук көрсөткөн деп шектелген Талас шаарынын тургуну эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Талас шаардык соту чыгарды.
Ал 6 -сентябрда кармалган. Ага кылмышка шектүү катары эскертүү берилген.
Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, анын кызы жана кошуналарынын кызы кордук көргөнүн айткан. Сотко чейинки өндүрүш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Бузуктук") боюнча башталды, анда 6-7 жаштагы эки кыз жабырлануучу болуп саналат. Соттук -медициналык экспертиза дайындалды.