Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек автомобиль-жол колледжинин жыйындар залында адамдардын башына асма чырак түштү. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор маалымдашты.
Маалыматка ылайык, окуя эртең менен саат ондор чамасында болгон.
Анда, аталган мекемеде чогулуш өтүп жаткан маалда адамдардын үстүнө асма чырак кулап түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, жабыркагандар бар. Аларга тез жардам кызматкерлери чакырылып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.