Пробация кызматкерин кайчы менен өлтүрөм деп коркуткан жаран кармалды

Ушул жылдын 7 - сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну КМЖ аттуу жаран Жумгал районунун пробация кызматкерине анын иш бөлмөсүндө кол салуу кылган. Бул тууралуу Пробация департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран Жумгал районунун акимиятына келип, социалдык иштер боюнча бөлүмдү издеп жүрүп, акимияттын имаратында пробация кызматкеринин кабинетине кирген жана кызматкерине негизсиз түрдө кол салган. Пробация кызматкери уюлдук телефон аркылуу милицияга кайрылган учурда аталган жаран андан да чоң агрессия менен пробация кызматкерин башына жана денесине сокку урган, ошондой эле ал колуна кайчы алып аны өлтүрөм деп коркуткан.

Бул окуядан соң милиция кызматкерлери КМЖны кармап, өзүлөрүнүн бөлүмүнө алып кетишкен. Ал эми жабыркаган кызматкер кол салуу жана денеге залал келтирүү фактысы боюнча милицияга арыз берди. Ушуга байланыштуу арыз кылмыш - жаза кодексинин 266 -беренесинин 1 – бөлүгүнүн негизинде КЖБР маалымат реестрине катталды.

Маалыматтар боюнча, КМЖ 1970 -жылы туулган, пробациялык кардар эмес, мурда сот жообуна тартылган жана терс кадыр -баркка ээ болгон. Жабыркаган пробация кызматкери экспертизадан өткөрүлгөн, анын жыйынтыгында кызматкердин мээси чайкалган. Учурда ал кызматкер Бишкектеги медициналык мекемеде стационардык түрдө дарыланууда.

Азыркы учурда бул окуя боюнча Жумгал районунун РИИБи тарабынан жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөн фактылар боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД