Аксыда күйдүргү оорусуна шектелгендер менен 41 адам байланышта болгон

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйдүргүгө шектүү деп ооруканага жаткырылган эки адамдын лабораториялык анализи оң чыкты. Бул тууралуу Республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирди.

Анын айтымында, калган беш адамда терс жыйынтыктар чыккан. "Лабораториялык изилдөө дагы эле уланууда, биз күтүп жатабыз. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, бардыгы дарыланууда. 41 байланыш аныкталды, анын ичинде 14 жашка чейинки он адам, калгандары улуу курактагылар", - деди Кубанычбек Бектурдиев.

Күйдүргү малдан жугуучу эң коркунучтуу оору. 2010-жылы өлкөбүздө 28 адам дал ушул оорудан каза тапкан. Ал терини, кээде ичеги-карыңды, өпкөнү жабыркатат жана канды бузат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД