Тажикстанда кармалган кыргызстандык үй камагына чыгарылды

6-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган кыргыз жараны Кубанычбек Акматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ал Душанбеде, аны Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Жакын арада бизге тапшырылат деп үмүттөнөбүз", - деп билдиришти ШИИБден.

Белгилей кетсек, 6-сентябрда Баткен районунун Уй-Дөбө айылынын тургуну Акматов дары чөптөрдү чогултуп кайтып келе жаткан учурда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин транзиттик зонасында кармалган. Андан кийин ал Душанбедеги убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД