"Пирамида" телеканалы чемпион болду

11-сентябрда "Марал ТВ" телерадио берүү компаниясынын 10 жылдыгына карата уюштурулган ЖМКлар аралык футболдук турнирде "Пирамида" телеканалы чемпион аталды. Турнир "Ала-Тоо" эл аралык университетинин жана "Сейтек Тунгуч" толук эмес жалпы билим берүү мектебинин стадионунда болуп өттү. Ага Коомдук телерадио берүү корпорациясы (КТРК), "Kyrgyz Sport" телеканалы, "Азаттык" радиосу, "5-канал" телеканалы, Кыргыз радиосу, "Марва" телеканалы, "Пирамида" телеканалы, "СТВ" телеканалы, "КТРК Спорт" каналы, "KLOOP.KG" сайты, ЭлТР телерадио компаниясы, "Марал ТВ" телерадио берүү компаниясы - жалпы 12 команда катышты.

Финалдык беттеште "КТРК" командасы менен "Пирамида" командасы бет келип, оюн 2:0 эсебинде "Пирамиданын" пайдасына аяктады. Командаларга берилген белектер төмөнкүдөй болду: Бүгүнкү мелдешке катышып бергени үчүн "СТВ", "ЭлТР", "КТРК Спорт", "Марва ТВ", "5-канал", "KLOOP.KG", "Кыргыз радиосу", "Азаттык" командалары кызыктыруучу сыйлыктар жана демөөрчүлөрдүн атайын белектери менен сыйланды. Ал эми 3-орунду алган "Кыргыз спорт" командасына коло медалдар жана 4 миң сом акчалай сыйлык, 2-орунду алган "КТРК" командасына күмүш медалдар жана 6 миң сом акчалай сыйлык, 1-орунду алып, чемпион аталган "Пирамида" командасына "Марал ТВнын" Кубогу, алтын медалдар жана 10 миң сом акчалай байге берилди. Булардан тышкары "КТРК" командасынын оюнчусу Кадыр Султаналиев "Мыкты дарбазачы", "Пирамида" командасынын оюнчусу Азат Муратбеков "Мыкты оюнчу" деп табылып, акчалай байге жана диплом менен сыйланды. Болуп өткөн турнирдик оюндарга

Кыргыз футбол союзунун мүчөлөрү калыстык кылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД