Ош драма театры 5 миллион долларга ремонттолот

Кечээ, 13-сентябрда Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрынын толук реконструкциясы башталды. Шаардын вице-мэри Жасур Азимов баштаган жумушчу топ жеринен кабар алып, аткарылып жаткан иштер боюнча таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган. Театрды реконструкциялоону аяктоо келерки жылдын башында пландалууда. Жумуштун жалпы баасы 5 миллион долларды түзөт.

Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД