Тыныбекова өзүнө арналган дубалдын сүрөтүн жактырып, ыраазычылыгын билдирди

Бишкектин Токтогул Сатылганов жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн сыртына Айсулуу Тыныбековага арналган дубал тартылган.

Балбан кыз бул жерге атайын келип, өзүнө арналган сүрөттү көрүп, Инстаграмдагы социалдык баракчасына ыраазычылыгын билдирди.

"DOXA арт-группасына жана ушундай демилгени көтөрүп чыккандарга чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Мен бардык штрихтердин тактыгына жана бардык түстөрдүн айкалышына таң калдым. Бул абдан кооз жана шыктандыруучу индустрия! Мага абдан жакты" – деп билдирди Тыныбекова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД