Кайненем "Уулумдун багын байлаба" деп акыркы сөзүн айтты

Акыры ажырашмакпыз. Ажырашып тындык. Адилет экөөбүз эки жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бактылуу күндөр өттү. Бирок аттиң, балалуу боло албадык. Билинбей эле арадан беш жыл өттү. Барбаган бүбү-бакшы, дарыгерибиз калбады. Адилет көзүмдү карап турганы менен кайын журтумдун кагып силкүүсү, "өзү билип эле кетип калбайбы" дегендей салкын мамилеси мени күндөн күнгө соолутуп баратты. Акыры чыдабадым. Түйүнчөгүмдү түйүп, жолго чыкмак болдум. Ушул эле күндү күтүп тургандай кайненем "уулумдун багын байлаба, менин да небере жыттагым келет" деп акыркы сөзүн айтты. Буркурап боздоп босогону аттап бараттым. Ажырашуу Адилет үчүн да оор болду. Бири-бирибизден ажырай албай кайра жолугабыз. Мурдагыдан бири-бирибизге жакын болуп, аёо сезимдердин алдында жүрөк ооруткан ирмемдер коштойт. Адилеттин башкаларга көз салайын деген да ою жок. Аргасыз анын жашоосунан кайып болуп кетишим керек эле.

Кайып болдум. Азыр жапжалгызмын. Коркунучтуу жалгыздык...


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД