Кыргызстанда коронавирустун 82 жаңы учуру катталып, 2 бейтап каза тапты

Бүгүн, 14-сентябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 82 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 40, Чүй облусунда – 19, Нарын облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 127 адам илдеттен сакайып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 308 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 650 киши айыгып чыкса, 2 миң 576 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД