Айзаданын өлүмү: Ала качууга жардам берген айыпталуучу кечирим сурады

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27 жаштагы Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча сот процесси уланууда.

Сот отурумун судья Салтанат Эсенкулова алып барууда.

Иш боюнча беш айыпталуучу бар - Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажыкабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов. Пандемиядан улам алар сотко алып келинген жок, ошондуктан сот отуруму онлайн режиминде өтүп жатат.

Судья акыркы сөздү айыпталуучу Сыймык Молдосариевге берди.

"Мен кыздын туугандарынын баарынан кечирим сурайм", - деди Молдосариев.

Айыпталуучу мындан башка сөз айткан жок. Судья айыпталуучуларга чечим чыгаруу үчүн сот залынан чыгып кетти.

Окуянын чоо жайы:

Айзада Канатбекова ушул жылдын 5-апрелинде эртең менен уурдалган, 7-апрелде анын жансыз денеси Бишкектин четиндеги унаадан табылган. Ала качкандардын бири - Замирбек Теңизбаев болгон. Ал кызды зордуктап, өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйып салган.

Бул кандуу окуя коомчулук арасында резонанс жараткан. Жыйынтыгында ички иштер органдарынын 44 кызматкери жазаланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД