Бишкекте Өзбекстандан келген белгилүү музыканттар концерт берет

Евразиянын борборлорун кыдыруунун алкагында Өзбекстандан белгилүү музыканттар Кыргызстанга келип, музыкалык долбоорун көрсөтүшөт. OpenAir форматындагы концерт 2021-жылдын 18-сентябрында саат 19:00дө Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин жанында өтөт.

ЭЛЕКТРООКО - Өзбекстандын эң дымактуу музыкалык долбоору. Синт-поп жанрындагы музыкалык топ автордук музыканы орус тилинде аткарат. ЭЛЕКТРООКОнун адаттан тыш үнү фантастикалык, ирониялык жана постмодерндик лирика менен айкалышкан жандуу скрипка, гитара жана электрониканын синтезин жаратат.

Белгилүү өзбек музыканттары Ашот Даниелян менен Никита Макаренко тарабынан 2020-жылы чогултулган ЭЛЕКТРООКОтобу "Тревожный звонок (Ойготкуч чалуу)" деген дебюттук альбомун жана "1984" аттуу ырынын дистопиялык клибин чыгарышкан, бул көркөм чыгармалар топко жергиликтүү атак алып келишинин негизги себеби болду. 2020 -жылдын декабрында атагы чыккан топ Өзбекстанды кыдырып, Фергана, Самарканд, Бухара, Нукус жана Ташкентте концерттери менен толук залдарды чогулткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД