Ош мамлекеттик университетинин мугалими 40 миң сом пара менен кармалды

Ош мамлекеттик университетинин мугалими пара менен кармалды. Бул тууралуу журналисттерге өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ал баласын Ош улуттук университетине тапшырууга аракет кылганын, бирок окутуучу 1200 доллар талап кылганын айткан.

Кечээ, 13-сентябрда 40 миң сом которууда университеттин кызматкери кармалган. Тергөө учурунда кармалган окутуучу университетке кирүү үчүн акча талап кылганын мойнуна алган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД