Бишкектин тургунунан 300 миң сом алып жашырынып кеткен аял кармалды

57 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чынара (аты өзгөртүлдү) Бишкек шаарынын тургунуна Сокулук районунун Новопавловка айылынан жер бөлүп берүүнү убада кылган. Бул үчүн ал андан 300 миң сом алып, убадасын аткарбай, жашырына баштаган.

Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси "Алдамчылык" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал Чүй облусунун тургуну О.Ч. болуп чыкты. Шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кошумчалай кетсек, кармалган адамга карата дагы 8 окшош арыз келип түшкөн. Учурда бардык фактылар иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД